Жаңылыктар
Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

16-октябрда өлкөнүн  көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +3…+8

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +1…+6

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +9…+14

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11

Нарын жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9

Бишкекте жамгыр карга айланышы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4°, күндүз+5…+7° жылуу болот.