Жаңылыктар
Назгүл Каныбекова: Балага билимден мурда мээрим берүү керек
Кыргызстан жаңылыктары
Назгүл Каныбекова: Балага билимден мурда мээрим берүү керек

“Жылдын мыкты мугалими - 2024” республикалык сынагынын баш байгесинин ээси, ОшМУнун “Билим” мектеп-лицейинин математика мугалими  Назгүл Каныбекова УТРК Ошко маек берди. Ал сынакка кантип катышып калганы, негизи эле мугалимдик кесиптин барк-баасы, таасири тууралуу айтып берди. “Жылдын мыкты мугалиминин” маегинин урунттуу учурларын сунуштайбыз.


Баланын жашоодогу эң бир чоң байлыгы - жакшы устатка туш болушу. Мен дагы мектеп учурунан баштап жакшы мугалимдерге туш болдум. Кээде ушул ой мени окуучуларыма мындан да жакшы билим беришим керек деп түрткүлөп турат.

                                                                                                 ***

Баса белгилеп айтчу сөз, мен ушул сынакка катышкан гана мугалимдердин арасынан жеүүчү деп табылдым. А элдин ичинде өтө көп таланттуу, билимдүү мугалимдерибиз бар.

                                                                                                  ***

Жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин эле мени мектептин аурасы, балдар ушунчалык тартып туруп алды. Мектепке сабакка барар күнү маанайым көтөрүлүп, кубанып, толкунданып барам. А окуу жайга келгенде эмнегедир кыжаалат болчумун.  Кийин аңдап карасам, менин табиятым балдарга жакын экен. Ошондон кийин жетекчилик менен макулдашып, биротоло мектепте иштеп калдым.

                                                                                                  ***

 Ар дайым педагогикалык жөндөмдү, баланы сүйүү жөндөмүн биринчиге коюп келем. Балага жакшы билим берерден мурун, ага ошончолук мээрим бере алышың керек.

                                                                                                  ***

Менин студенттик күндөрүм, жаштыгым үч бурчтуктан чыкпады деп көп эле айтып келем. Ош шаарында Сулайман-Тоонун түбүндө Ош мамлекеттик университети бар, анын алдында китепканасы бар эле, ага жакын жерде жатакана бар. Менин убактымдын басымдуу бөлүгү ошол үч бурчтуу жерде өттү. Азыр окуучуларыма да көп айтам, убакытты туура пайдалангыла, кордобогула деп. Ал бир күнү сөзсүз өзүнүн кесепетин тийгизет.

                                                                                                  ***

 Бардык баланы эле математик кылып чыгара албайсың, бирок бардык балага математиканын жашоодо кереги бар экенин сездире алышың мүмкүн. Муну менен эмне дегим келет, мугалим ар бир балага жекече мамиле кыла билүүсү керек. Балдар ар түрдүү, бирок мугалимдин милдети билим берүү эмеспи.