Жаңылыктар
Төө-Ашууда узун тыгын пайда болду
Кыргызстан жаңылыктары
Төө-Ашууда узун тыгын пайда болду

ӨКМдин 16-октябрдын таңына карай берген маалыматына караганда, Төө-Ашууда кар жаап жатат, жол тайгак. 4-5 чакырымга созулган унаа тыгыны жаралып, миң чакты автоунаа тыгында турат.

ӨКМ тыгындын себебин көпчүлүк жүк ташуучу унаалардын кышкы дөңгөлөгү жана атайын чынжырлары жоктугу менен байланыштырууда. Мындан улам алар жолду тосуп калгандыктан жолчулар чоң машинелерди четке түртүп чыгарууда.

Бул кырдаалга байланыштуу ӨКМ Төө-Ашууда ыкчам штаб уюштуруп, тыгында калган айдоочуларга ысык тамак берилүүдө. Сосновка жана Арал өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулду.