Жаңылыктар
Бишкек шаарынын жылуулук тармагы жылытуу мезгилине 100 пайыз даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек  шаарынын жылуулук тармагы жылытуу мезгилине 100 пайыз даяр

Бул тууралуу  “Биринчи радионун”  түз эфиринде   “Бишкек жылуулук  тармагы” муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары   Шаршенбек Сарыкеев  билдирди.   Анын  айтымында, бүгүнкү  күнгө чейин эскирген жылуулук тармактарынын 2277 метр тилкеси оңдолуп, 329 даана бекиткич арматура алмаштырылган.  

Ошондой  эле турак жайларда 22 047метр жылытуу жана ысык суу түтүктөрү  алмаштырылып, 6514 даана бекиткич  арматура жаңыртылган. Шаршенбек  Сарыкеев   шаар  тургундарын  жылытуу  мезгилине  алдын  ала даярданып,  жогорку кабаттардагы  радиаторлордон  абаны чыгаруу үчүн  тийиштүү шаймандарды орнотууну  же  алмаштырууну сунуштайт.  Жылуулулукту  эффективдүү  алуу үчүн эски жана булганган , ичинде ылай топтолгон радиаторлорду тазалоо же алмаштыруу зарыл.