Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБинде абанын булгануусун алдын алуу чаралары көрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек ЖЭБинде абанын булгануусун алдын алуу чаралары көрүлдү

Бишкек  жылуулук электр борборунда  күз-кыш мезгилине даярдык көрүү аракети март  айында башталган.  Быйыл борбордогу электр чыпкалары толук оңдолгонун   Бишкек жылуулук электр борборунун директорунун  орун басары Калыбек Алиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында,   быйыл 7 жылдан бери  оңдолбой келген  ЖЭБдин 3-4-блогу капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.  

Анын ичиндеги электр чыпкалары  да тазаланган. Калыбек Алиев Бишкектеги абанын булгануусунда ЖЭБдин катышуусу 3 эле пайызды түзөрүн баса белгиледи.