Дин өкүлдөрү президент Садыр Жапаровдун маркумдарды акыркы сапарга узатуу жана эстелик тургузуу жөнүндө жарлыгы боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады.
Муфтияттын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси Мырзакул кары Осмонов Биринчи радиодогу маегинде жарлык шариятка туура келерин белгиледи:
- Бул жарлык шариатка туура келе турган жарлык. Негизи шариятта маркумга аза күтүүгө берилген убакыт 3 гана күн. Ошол үч ичинде маркумду узаткан үй-бүлө бирөөнү конок кылууга чамасы да жок болот. Аза күтүү – бул кайгы. Ошондуктан буга шарият тыюу салат. Кээде ошол жерге барып тамак жегендин өзү дагы болбойт. Демек үч күндөн кийин өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша куран түшүрүп койсо болот. Пайгамбардын айтымында, эң жакшы кабыр бул – жөнөкөй кабыр. Кээ бир мүрзөлөргө барсаң кичи шаарчаны көрөсүң. Бул ысырапкорчулукка кирет. Кээ бири мактануу максатында жасайт.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминовдун айтымында, жарлыктын негизги максаты ысырапкорчулукту жоюп, калктын катмарын теңдөө:
- Президентибиздин жарлыгы актуалдуу маселелердин бири. Эң негизи максаты – социалдык коомчулуктагы адилеттүүлүк, тең укуктуулук. Себеби маркумду жерге берүүдө, же ага күмбөз тургузууда колунда барлар айырмаланып калып жатат. Аны туурайм деп калктын башка жакыр катмарына оор болуп калышы мүмкүн. Президентибиздин 54-жарлыгы бар. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүүнү тартипке келтирүү боюнча 2022-жылы жарлык кабыл алынган. Мунун да негизги максаты – ашыкча ысырапкорчулукту алдын алуу. Маркумду жерге берүү диний жөрөлгөлөргө байланыштуу болгондуктан, жарлыктын башында Дин башкармалыгына сунуштары берилген.
Президент Садыр Жапаров 14-октябрда “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу боюнча жарлыкка кол койгон. Жарлыкта мусулман мүрзөлөрүндө таштан, граниттен, мрамордон, металлдан жана булардын айкалышынан эстеликтерди жана мүрзө плиталарын тургузууга жана орнотууга тыюу салынат. Ошондой эле мүрзөдөгү эстеликтер жана тосмолор жыгач материалдан даярдалып, бийиктиги 0,70 метрден ашпашы керек. Муфтият маркумдарды жайга коюу маселеси боюнча эл ичинде түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзүп турууга тийиш.