Жаңылыктар
Нарын жылуулук берүү мекемеси кышка 98 пайыз даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын жылуулук берүү мекемеси кышка 98 пайыз даяр

Нарын шаардык жылуулук берүү муниципалдык ишканасы Нарын шаарына жылуулукту 25-октябрда берүү мерчемделип жатканын билдирди.

Ишкана башчысы Мирлан Аманбаевдин айтымында, норма боюнча абанын орточо температурасы үч күн бою +8 градусту көрсөткөндө жылуулук берилиши керек. Учурда бул көрсөткүч +10 градус болуп жатат.

Ишкана быйыл 3 откана салып, жаңы 7 отказан орнотуп, 7 мекемени борбордук жылытуу тутумуна кошту. Ошондой эле бир топ откана, отказандарды кышка даярдап, жалпы  8 миллион 800 миң сомдук капиталдык ремонт иштерин жүргүзүштү. Мекеменин кышка даярдык иштери 98 пайызга аяктап калды.

Аталган мекеме күз-кыш мезгилине 13 миң 394 тонна кара отун керектей турган болсо, анын 7 миң 780 тоннасы тартылып алынган.