Жаңылыктар
Нарын шаардык кеңешине 176 талапкер ат салышат
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын шаардык кеңешине 176 талапкер ат салышат

Нарын шаардык кеңешине 31 орун үчүн 176 талапкер ат салышат. Нарын шаардык шайлоо комиссиясынан 6 саясий партия каттоодон өтүп, шайлоого катышууга укук алышты.

Бүгүн,16-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактагы өкүлчүлүгү менен облустук жана шаардык бийлик өкүлдөрү каттоодон өткөн алты партиянын өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, талапкерлерди таза шайлоо өткөрүүгө чакырышты.    

Иш-чарада партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо өнөктүгүндө мыйзамда көрсөтүлгөн нормаларды так жана туура сактап, коомдук тартипти бузбай, шайлоону мыйзам чегинде таза өткөрүп алуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Ошондой эле партиялардын бюллетенде жайгашуусу, Нарын облустук телерадиокомпаниясынын жана “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинин акысыз эфирине дебатка чыгуу үчүн чүчүкулак кармашты.

Нарын шаарында 21 шайлоо тилкеси ачылды. Калаада 33 миңден ашык шайлоочу бар. Тизмелер дагы такталууда.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Ушул жылдын сентябрь айында президент Садыр Жапаров жети облустун жергиликтүү кеңештерин тараткан.