Жаңылыктар
Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн ысык суу болбойт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн ысык суу болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн ысык суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, 18-октябрдан 20-октябрга чейин жылуулук тармактарын көзөмөлдөө жана сыноо иштерин жүргүзүү үчүн жеке сектордогу турак үйлөрдө ысык суу өчүрүлөт.

Өчүрүү борбордук жылуулук системасы бар жеке сектордогу турак үйлөргө гана тиешелүү болот. Суу көп кабаттуу үйлөрдө өчүрүлбөйт.