Жаңылыктар
Төө-Ашуудан оор жүк ташуучу унаалар өтө баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Төө-Ашуудан оор жүк ташуучу унаалар өтө баштады

Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жолду тазалоо, кеңейтүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Министрлик зарылчылык болбосо жарандардан алыс жолго сапар алуудан карманып турууга чакырат. Ошондой эле, аба ырайын эске алуу менен ашуу аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууну эскертет.

Төө-Ашууда өткөн түнү кар жаап, жол тайгак болгондон улам 4-5 чакырымдык узун тыгын жаралып, миңдей унаа туруп калган. Мындан улам бүгүн эртең менен Сосновка жана Арал бекеттеринде унаалардын каттамына чектөө киргизилген эле.