Жаңылыктар
Талас шаардык кеңешине шайлоого 6 партия катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Талас шаардык кеңешине шайлоого 6 партия катышат

16-октябрда Талас шаардык кеңешине шайлоого катышчу партиялардын өкүлдөрү чүчү кулак кармашты.  Эми 18-октябрдан тарта үгүт иштери башталат. Талас шаардык кеңешине жалпы 31 депутат шайланып келет. Шаардык кеңештерге талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 5-ноябрга чейин уланат.

Талас шаардык кеңешине шайлоого 6 партия өз талапкерлерин көрсөттү. Ошондой эле партиялар үгүт учурунда кандайдыр бир мыйзам бузууларга, тарапташтарын каралоого жол бербөө максатында меморандумга кол коюшту.

  Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 17-ноябрда өтөт.