Жаңылыктар
Чаткалда кар көчкүдө калган 6 адам изделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Чаткалда кар көчкүдө калган 6 адам изделүүдө

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ак-Сай тоосунда кар көчкүнүн астында калган 6 адам изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-октябрда 14 адам дары чөптөрдү чогултууга тоого чыгышкан. 16-октябрда алар менен байланыш үзүлгөн. Дайынсыз жоголгондордун жакындары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, 8 адамды табышкан. Алар 14-октябрда тоолорго кар көчкү түшкөнүн айтышкан.

Куткаруу иштерине 5 куткаруучу, 10 жергиликтүү жашоочу жана Жарандык коргонуу кызматтарынан эки оор инженердик техника жана тез жардам кызматтары тартылган.