Жаңылыктар
Нарын мамлекеттик университетине өзгөчө статус берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын мамлекеттик университетине өзгөчө статус берилет

Кыргызстанда дагы 5 жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет. Алардын катарында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети дагы бар. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 “Жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди.

Мындай чечим Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын финансылык, материалдык жана интеллектуалдык ресурстарын консолидациялоо, потенциалын жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.

Нарын мамлекеттик университети – Нарын шаарындагы жалгыз жогорку окуу жайы. Ал 1996-жылы ачылып, туңгуч ректору Жанат Жаманкулов болгон. 2009-жылы университетке кыргыздын совет доорундагы туңгуч агартуучуларынын бири Сатыбалды Нааматовдун ысымы ыйгарылган. Окуу жай төрт факультет боюнча 25 багыт боюнча  адистерди даярдап келет. Азыркы күндө күндүзгү, сырттан окуу бөлүмүндө жана магистратура программалары боюнча 1 миң 628 студент окуп аларга 100 гө чукул мугалимдер билим берип келишет. Алардын катырында төртө илимдин докторлору, 45и кандидаттар жана доценттер.