Жаңылыктар
Сүйүнчү! “Бөбөк” долбоору "Медиа өнөктөштүк" номинациясын жеңип алды
Кыргызстан жаңылыктары
Сүйүнчү! “Бөбөк” долбоору "Медиа өнөктөштүк" номинациясын жеңип алды

УТРКнын Баластан каналы ЮНИСЕФ менен биргелешкен “Бөбөк” долбоору эл аралык Shorty Awards конкурсунда финалист болду.

Тактап айтканда, УТРКнын негизги жана "Баластан" каналдарынан көрсөтүлгөн жаш ата-энелерге кеңеш берген “Бөбөк” көрсөтүүсү "Медиа өнөктөштүк" номинациясын жеңип алды!

Эске салсак, "Бөбөк" көрсөтүүсү 2023-жылдын июль айында УТРК менен ЮНИСЕФ жетекчилери тарабынан келишим түзүлүп, 2024-жылдын 4-мартынан  УТРК жана "Баластан" каналдарынан эфирден көрсөтүлө баштаган. Долбоор "Баластан" командасынын үзүрлүү эмгегинин натыйжасында ийгиликке жетип отурат.

Колдоо көрсөткөн УТРК каналынын жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз!