Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жер титиреди
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө жер титиреди

Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, бүгүн таңкы саат 04:23тө Кыргызстандын аймагында күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 4 балл, Кумтөр ишканасында 3 балл Каракол шаарында 2.5 балл (Бедел айылынан 138 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.