Жаңылыктар
Ат-Башыда бир тургундан 8 килограмм маңзат алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башыда бир тургундан 8 килограмм маңзат алынды

Ат-Башы районунун тургунунан 8 килограммдан ашык баңгизат алынганын бүгүн Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 12-октябрына караган түнү Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунан  VOLVO-FH үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын токтотуп текшерген учурда боз түстөгү каптан өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү зат табылган.  

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, аталган зат марихуана баңгизаты экени аныкталып, жалпы салмагы 8 килограмм 580 грамм болгон.     

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган баңгизатын Ат-Башы районунун тургуну Жети-Өгүз районунда жайгашкан талаалардын биринен өзү колдонуу максатында жүк ташуучу автоунаа менен Ат-Башы районуна алып келе жатканы аныкталган.