Жаңылыктар
Орусиядагы кыргыз мигранттары ала албай калган 39 миллион рублдан ашуун эмгек акысы төлөндү
Кыргызстан жаңылыктары
Орусиядагы кыргыз мигранттары ала албай калган 39 миллион рублдан ашуун эмгек акысы төлөндү

Быйылкы тогуз айда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү 557 кыргызстандыкка 39 миллион 300 миң рубль өлчөмүндө төлөнбөгөй калган эмгек акысын алууга жардам көрсөттү. 

Өкүлчүлүк дагы 7 кыргыз жаранына жумуштан алган жаракатынан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн 2,6 миллион рубль өндүрүүгө жардам берди. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындан тышкары Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо максатында өкүлчүлүктүн кызматкерлери 107 жарандын укуктарын коргоо боюнча 32 соттук отурумга катышкан. Ар кандай жагдайда каза тапкан 134 кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө байланыштуу 9 миллион 500 миң рубль өлчөмүндө компенсация төлөндү.

Орусия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын маселелери боюнча 7 миңден ашык кыргызстандыкка жеке жана телефон аркылуу консультация берилди.

Мындан тышкары, ата-энесинин камкордугусуз калган 11 жашы жете элек балдарга, мекенге кайтарууда (репатриациялоодо), ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган 4 кыргыз жаранына жардам көрсөтүлгөн.

Расмий маалыматтарга караганда, Орусияда учурда 400 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар.