Жаңылыктар
Чүйдө “Манас” соода-логистикалык шаары курулат
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдө “Манас” соода-логистикалык шаары курулат

Соода-логистикалык шаар Чүй облусунун Аламүдүн районунда курулат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн “Манас” соода-логистикалык шаары” инвестициялык-курулуш долбоорунун мезгил кутусун салуу аземине катышты. Ага Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да катышты.

Акылбек Жапаров иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө бул жөн гана борбор эмес, ири долбоор экенин белгиледи:

- Бүгүн биз абдан маанилүү окуянын – өлкөбүздүн экономикалык келечеги үчүн олуттуу кадамдын күбөсү болуудабыз. Биз “Манас” соода-логистикалык шаары” инвестициялык-курулуш долбоорунун мезгил кутусун салуу аземине чогулуп отурабыз. Азыркы мезгилде сооданын мааниси жогорулаганын, базар экономикасынын өзөгү соода экенин, логистика болсо азыркы замандын бренди экенин баарыбыз жакшы билебиз. Биз азыр соода-логистикалык борбор гана эмес, соода-логистикалык шаарынын курулушун баштап жатабыз. Бул кыйла ири долбоор экенин белгилеп кетемин. Бул шаарда 30 миң соода точкасы болот. Бул шаар 700 гектар жерге жайгашып, аны курууга бардыгы 4,2 млрд. доллар каражат сарпталат. Биринчи этаптагы сарпталуучу каражат 700 млн. доллар. Башкача айтканда бул логистикалык борборду ири деңиз порту менен салыштырууга болот.

Акылбек Жапаров андан ары “Манас” соода-логистикалык шаары” заманбап логистикалык борбор гана эмес, инвестициялык ишмердүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан уникалдуу долбоор экенин да айтты.