Жаңылыктар
Нарын облустук ооруканасы Кытайдагы оорукана менен кызматташат
Кыргызстан жаңылыктары
Нарын облустук ооруканасы Кытайдагы оорукана менен кызматташат

 Нарын облустук бириктирилген ооруканасы менен Кытай Эл Республикасынын  Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун элдик ооруканасы кызматташат. 

Бул тууралуу аталган оорукананын башчысы Чыңгыз Нарынбеков билдирип, эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлганын кошумчалады.

- Кытайга 11-15-октябрда барып, меморандумга кол койуп келдик. Алар ушул жылдын башында Кыргызстандан барган эки бейтаптын жүрөгүнө операция кылышкан экен. Алардын  сүрөттөрүн көрсөтүп, экөөнүн тең  операциясы ийгиликтүү болуп, чыгып кеткени тууралуу маалымат беришти. Бул багытта дагы кызматташабыз, - деди Чыңгыз Нарынбеков.

Жолугушуу эки өлкөнүнүн достугун бекемдөөгө багытталган “Бир кур - бир жол”  программасынын алкагында өткөн.

Маалыматка караганда, меморандум алкагында дарыгерлердин потенциалын жогорулатуу, жүрөк кан-тамыр оорулары боюнча иш алып баруу менен бейтаптарга Кытай мамлекетинин алдыңкы ооруканаларында операция жасатуу жана калыбына келтирүү багытында Нарын облустук бириктирилген ооруканасында атайын бөлүм түзүп, тажрыйба алмашууларды жүргүзүү каралган.

Ошондой эле телемедицина жаатында алаканы күчөтүү, өнөкөт ооруларды тастыкталган чөп дарылар менен дарылоо, илимий иштерде көмөктөшүү жана онкологиялык ооруларды дарылоо сыяктуу бир нече багыттарда тажрыйба алмашуу каралган.