Жаңылыктар
Ата-энесин карабай кеткендер айыпка жыгылат
Кыргызстан жаңылыктары
Ата-энесин карабай кеткендер айыпка жыгылат

Жогорку Кеңеш «Айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодексине, Граждандык кодекске, Үй-бүлө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун 17-октябрда үчүнчү окууда кабыл алды.

Бул долбоордо эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энесин карабай, таштап кеткендердин жазасын күчөтүү сунушталган. Маселен, алимент төлөө жөнүндө норма да каралып, 50-100 миң сом айып пул салынышы, же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы ыктымал.

Кыргызстанда алимент өндүрүү тууралуу берилген арыздардын арасында ата-энелер уулуна, же кызына каршы жазган арыздар да катталат.

Эгер ата-эне балдарын учурунда карабай кетсе, зомбулук көрсөтсө, бирок ошол убакытта бул үчүн ата-энелик укуктан ажыратылган эмес болсо, ага ыза болгон бала кийин чоңойгондо ата-энесин карагысы келбесе алимент төлөбөө үчүн сотко кайрылса болот.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда балдары карабай кеткен 3655 улгайган адам бар. Алар социалдык кызматкерлердин кароосунда.