Жаңылыктар
Чаткалда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөөгө тик учак учуп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Чаткалда дайынсыз жоголгон 6 жаранды издөөгө тик учак учуп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө үчүн Ош шаарынан Чаткалга тик учак учуп кетти.

9-октябрда 14 адам дары чөптөрдүн тамырын чогултуу үчүн Ак-Сай тоосуна чыгышкан. 16-октябрда алар менен байланыш үзүлгөн. Дайынсыз жоголгондордун жакындары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, 8 адамды табышкан. Алар 14-октябрда тоолорго кар көчкү түшкөнүн айтышкан.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы 20 куткаруучусу тартылып, зарыл болгон бардык техникалык жабдуулар колдонулууда. Ошондой эле куткаруучулар спутник аркылуу министр менен туруктуу байланышып турушат.