Жаңылыктар
Акылбек Жапаров иш сапары менен Орусияга барат
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров иш сапары менен Орусияга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-21-октябрь күндөрү Москва шаарында расмий сапар менен болот.

Расмий сапардын алкагында Акылбек Жапаров Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы Маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен эки өлкө өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйынын өткөрөт.

Мындан тышкары расмий сапардын жүрүшүндө эки тараптуу жолугушуулар жана маданий программалар уюштурулат.