Жаңылыктар
107 миң 183 балага «сүйүнчү» берилди
Кыргызстан жаңылыктары
107 миң 183 балага «сүйүнчү» берилди

Быйыл 10 айда 107 миң 183 балага «сүйүнчү» берилгенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

«Балага сүйүнчү» төлөөгө жалпысынан  429 млн 973 миң сом жумшалган.

«Балага сүйүнчү» ар бир ымыркайга 4 миң сомдон берилет. Ал эми үч же андан көп бала төрөлгөндө, ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт.