Жаңылыктар
Кызыл-Кыяда жол кырсыгынан 4 адам каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кызыл-Кыяда жол кырсыгынан 4 адам каза болду

 Ош - Баткен жолунун Кызыл-Кыя шаары аркылуу өткөн бөлүгүндөгү жол кырсыгынан 4 адам каза тапканын бүгүн Баткен облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, кырсык 18-октябрга караган түнкү саат 2:50 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын аймагында болгон. Ноокат районунун Төөлөс айылынын 29 жаштагы Ж.Н. аттуу тургуну өзүнүн Мерседес-Бенц-211 үлгүсүндөгү автоунаасы менен каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада ал каршы багытта келе жаткан "Хонда-Степвагон" үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. “Хонда-Степвагон” унаасын Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.А.аттуу тургуну башкарып бараткан.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы 4 адам ооруканага жеткирилди, алардын биринин абалы оор. Кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тергеп-тескөө иштери жүрүүдө.