Жаңылыктар
Соңку бир жылда сырттан 130 миңдей мигрант кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Соңку бир жылда сырттан 130 миңдей мигрант кайтып келди

Акыркы төрт жылда чет жактарда жүргөн кыргызстандык мигранттардын мекенине көбүрөөк кайта баштаганы байкалган. Бул көрсөткүч 2023-жылы кескин көбөйүп, мурунку жылдарга салыштырмалуу мекенине кайтып келген мигранттардын саны 85 пайызга өскөн. Тактап айтканда соңку бир жыл ичинде Кыргызстанга 128 миң 661 мигрант кайтып келди.

Бул тууралуу бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция саясаты бөлүмүнүн башкы адиси Элиза Тургуналиева Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Бул сандар аталган министрлик Эл аралык миграция уюму менен бирге жүргүзгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында белгилүү болгон.

Бул изилдөө эң көп мигранттар Орусиядан, андан кийин Түркүядан кайтып келгенин көрсөткөн. Кайтып келүүгө биринчи үй-бүлөлүк маселелер, экинчиси мөөнөтү бүтүп калган документтерин кайра жаңылоо себеп болгон.

Ата Мекенине кайтып келген мигранттардын басымдуу бөлүгү Ош, Баткен жана Чүй облустарынан. Алардын 63 пайызы эркектер, калгандары аялдар. 70 пайыздан ашууну үй-бүлөлүүлөр.