Жаңылыктар
Чаткалда дайынсыз жоголгон 6 адамдын биринин сөөгү табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Чаткалда дайынсыз жоголгон 6 адамдын биринин сөөгү табылды

Чаткалдагы АК-Сай тоосунда дайынсыз болуп жаткан 6 адамдын бирөөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, куткаруучулар тарабынан көчкү түшкөн аймактан 1978-жылы туулган жарандын сөөгү табылып, тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга алынып келинди.

9-октябрда 14 адам дары чөптөрдүн тамырын чогултуу үчүн Ак-Сай тоосуна чыгышкан. 16-октябрда алар менен байланыш үзүлгөн. Дайынсыз жоголгондордун жакындары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, 8 адамды табышкан. Алар 14-октябрда тоолорго кар көчкү түшкөнүн айтышкан.

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө үчүн Ош шаарынан Чаткалга тик учак учуп кеткен.