Жаңылыктар
"Алкан" базарында чатыр кулап 5 адамды басып калды
Кырсык
"Алкан" базарында чатыр кулап 5 адамды басып калды

“Алкан” базарынын чатыры кулап, 5 адамды басып калды. Чатыр алдында калгандарды соодагерлер куткарышкан. Жабыркагандар Бишкектеги травматология жана ортопЕдия илим изилдөө борборуна жеткирилген. КАН:Дарыгерлер алардын абалы оор экенин билдирди. “Алкан” базары “Дордой” базарынын аймагында жайгашкан. Дордой күндөгүдөй эле режимде иштеп жатат. 

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун дарыгерлеринин айтымында жабыркагандар түштөн кийин алып келинген. Алар дароо текшерилип, ооруканага жаткырылган.
 Чатыр эмне себептен кулап түштү? Адамдардын ден соолугуна олуттуу зыян алып келген кырсыктын алдын-алса болот беле? Буга чейин өзгөчө кырдаалдар минитстрлиги аба ырайынын кескин жылый турганын бир нече ирээт эскерткен. Чатыр үстүндөгү карды эртелеп тазалап койгондо бул окуя болбойт эле. Базар жетекчилигинин баамында кырсыкка себеп-чатырдын тирөөчтөрүнүн жакшы ширетилбей калганы.
Айрым массалык маалымат каражаттарында “Дордой” базарынын чатыры кулады, базар убактылуу жабылды деген маалымат тараган.