Жаңылыктар
Чаткалда кар көчкүдө калган үч жарандын сөөгү табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Чаткалда кар көчкүдө калган үч жарандын сөөгү табылды

Чаткалдын Ак-Сай тоосунда кар көчкүдө калган үч адамдын сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Ушуну менен Чаткалда дайыны чыкпай жаткан алты адамдын үчөөнүн сөөгү табылды.

Маалым болгондой, алардын сөөгү тик учак менен Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилди.

Калган 3 жаранды издөө иштери уланууда.

9-октябрда 14 адам дары чөптөрдүн тамырын чогултуу үчүн Ак-Сай тоосуна чыгышкан. 16-октябрда алар менен байланыш үзүлгөн. Дайынсыз жоголгондордун жакындары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, 8 адамды табышкан. Алар 14-октябрда тоолорго кар көчкү түшкөнүн айтышкан.

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Ак-Сай тоосунда дайынсыз жоголгон алты жаранды издөө үчүн Ош шаарынан Чаткалга тик учак учуп кеткен.