Жаңылыктар
Шаардык кеңештерге шайлоо үчүн үгүт өнөктүгү башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Шаардык кеңештерге шайлоо үчүн үгүт өнөктүгү башталды

Кыргызстанда шаардык кеңештерге аттанган партиялардын үгүт иштери башталды. Боршайкомдун маалыматы боюнча, шаардык кеңештерге катышып жаткан партиялардын үгүт иштери 18-октябрда, айылдык кеңештерге 28-октябрда башталып, 16-ноябрда аяктайт.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрга белгиленген.

Кыргызстандагы 33 шаардык кеңешке 39 саясий партия ат салышууда. 993 мандат үчүн шаардык кеңештин депутаттыгына 4928 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинен 3183ү - эркек, 1745и - аял.