Жаңылыктар
Кар көчкү алдында калган дагы 3 адамдын сөөгү табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кар көчкү алдында калган дагы 3 адамдын сөөгү табылды

Бүгүн, 19-октябрда Ак-Сай ашуусунда кар көчкү алдында калган дагы 3 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

9-октябрда 14 адам дары чөптөрдүн тамырын чогултуу үчүн Ак-Сай тоосуна чыгышкан. 16-октябрда алар менен байланыш үзүлгөн. Дайынсыз жоголгондордун жакындары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышкан. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, 8 адамды табышкан. Алар 14-октябрда тоолорго кар көчкү түшкөнүн айтышкан.

Кечээ, 18-октябрда 3 адамдын сөөгү табылып, тик учак аркылуу Кумбел тилкесиндеги штабга жеткирилген.