Жаңылыктар
Бишкекте чиркөөдөн чыккан өрт мектепти каптады
Кырсык
Бишкекте чиркөөдөн чыккан өрт мектепти каптады

 Бишкектин Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан “түштүк ковчег” чиркөөсүндө чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Имараттын чатырынан чыккан өрт болжол менен эртең мененки тогуздарга чукул башталган. Имараттардын ичинде болгондор өз убагында сыртка чыгарылгандыктан жапа чеккендер жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн себептери такталып жатканын билдирет. 

Өрт жалбырттап, кара түтүндүн асманга көтөрүлгөнүн көргөн тегеректегилер, ары-бери өткөндөр дароо чогулуп калышты. Уюлдук телефондоруна тартып жаткандар болду. Сыйынуу жайынын жалбырттап жалынга орногонун көрүп көзүнө жаш алгандары да бар.
Имараттын тегерек чети милиция кызматкерлери тарабынан дароо курчоого алынды. Маалымат түшөөрү менен келген куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону басуу менен алек. Барган сайын өрт өчүрүүчү унаалардын саны көбөйдү. Тез жардам кызматы да тартылган.
 Күбөлөрдүн айтуусунда чиркөөнүн ичинде киши болгон эмес. Кара түтүн каптап, өрт тутана баштаганда ага жанаша жайгашкан жеке мектепте билим алган окуучулардын баарын мугалимдер сыртка алып чыгыптыр.
 Жалбырттаган жалын имаратка капталдаш жайгашкан жеке мектепке да жабылган. Өрт өчүрүүчүлөр мектеп имаратын каптаган өрттү өз маалында өчүрүүгө жетишти. Бирок мектеп жарым жартылай жабыркады дейт -дейт адистер. Алдын-ала божомолдор боюнча жалпы аянты 750 ч Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей эми адистер тарабынан анализ жүргүзүлөт жана өрттүн чыгуу себептери такталат.