Жаңылыктар
Быйыл 400 миллиард сомдун тегерегинде айыл чарба азыктарын өндүрүү күтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл 400 миллиард сомдун тегерегинде айыл чарба азыктарын өндүрүү күтүлүүдө

Быйыл аба ырайынын жана климаттын жагымдуу таасиринен улам, айыл чарба азыктарын 400 миллиард сомдун тегерегинде өндүрүү, ал эми анын өсүү темпи 107 пайызды түзөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 20-октябрда өлкөнүн агроөнөр жай кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда белгилеген.

Өлкө башчысынын айтымында, айыл чарба секторунун мал чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жай тармактарында макроэкономикалык көрсөткүчтөр толугу менен жетишилди жана мунун бардыгы республиканын агроөнөр жай комплексинин туруктуу өнүгүшүн ырастайт.

Президент ошондой эле мамлекет тарабынан айыл чарба өндүрүшүн колдоо максатында Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 7 инвестициялык долбоор, ошондой эле “Айыл чарбасын каржылоо”, “Агроөнөр жай комплексин насыялоо” долбоорлору, ирригация тармагын каржылоо, айыл чарба техникаларынын лизинги ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын белгилеген.