Жаңылыктар
Жумгалда дайынсыз жоголгон эки адам изделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жумгалда дайынсыз жоголгон эки адам изделүүдө

Нарындын Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан эки тургунду издөө иштери бүгүн, 21-октябрь күнү да уланып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

 Ага ӨКМден 12 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 65 адам жалпы 97 адам тартылды.

Өрнөк айылынын 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундары 16-октябрдан бери дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат 19-октябрь күнү түшкөн.

Ошол убактан бери жеринде издөө иштери жүргүзүлүүдө. Кечээ, 20-октябрда ӨКМден 11 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 60 адам - жалпы 83 адам катышкан издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.