Жаңылыктар
Бишкек вице-мэрин опузалоого шектелген прокурорлор камалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек вице-мэрин опузалоого шектелген прокурорлор камалды

Бишкек шаарынын вице-мэри Рамиз Алиевди опузалоо менен пара талап кылууга шектелип жаткан шаар прокурорунун орун басары Эдилбек Ыдырыс уулу менен бөлүм башчысынын орун басары Абдырашид Жаманкеев камакка алынды.

 Биринчи май райондук сотунун бир күн мурдагы чечимине ылайык, эки шектелүүчү тең 14-декабрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин аталган эки шектелүүчү ортомчу аркылуу Бишкектин вице-мэри Рамиз Алиевден «Тазалык» муниципалдык ишканасын текшерүүнү токтотуу үчүн 5 миң доллар талап кылышканы, Алиев бул боюнча УКМКга арыз менен кайрылган соң пара талап кылгандар 3,5 миң доллар акчаны алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.