Жаңылыктар
Сариев: «Кумтөр» маселесинде мамлекеттин кызыкчылыгы башкы орунда болот
Саясат
Сариев: «Кумтөр» маселесинде мамлекеттин кызыкчылыгы башкы орунда болот

Өкмөт «Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңешинин кошумча акция чыгаруу боюнча чечимине каршы. Бул тууралуу премьер-минитср Темир Сариев Жогорку Кеңеште билдирди.Маалыматка ылайык,  учурда «Кыргыз Алтын» ишканасына юридикалык компания жалдап, сотко кайрылуу боюнча иштер жүрүүдө. Ал арада жергиликтүү серепчилер өкмөттүн бул кадамын колдоого алышып, кенди иштетүүдө өзүм билемдикти токтотуу зарылдыгын  айтышууда.

Кошумча акция чыгарылышы менен Кыргызстандын азыркы 32,75 пайыз  акциясы 32,1 пайызга  чейин азайат. Бирок бул чечимге кыргыз өкмөтү макул эмес. «Кумтөр» маселесинде кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы башкы орунда болорун убада кылган премьер-министр Темир Сариев, учурда «Кыргыз Алтын» ишканасына юридикалык компания жалдап, сотко кайрылуу тапшырмасы берилгенин Жогорку Кеңеште билдирди. Буга чейин «Кумтөр» кенин иштетүүдө өзүм билемдик өкүм сүрүп келгенин айткан Тоо инженери, Техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбеков, өкмөттүн мындай чечимин колдойт. Анткени «Центтера»  мындан ары кенге байланыштуу кандайдыр бир чечим чыгарардан мурда, Кыргызстан менен эсептешип калат.

Кыргызстандын азырынча эл аралык сотко кайрылуу боюнча тажрыйбасы болбогону менен юридикалык компаниялар жардамга келерин Дүйшөнбек Камчыбеков эске салат. Эң башкысы кыргыз өкмөтү карманган позициясына бекем туруусу маанилүү-дейт талдоочу.

Эске салсак, кыргыз өкмөтү буга чейин биргелешкен Кумтөр долбоооруна байланыштуу сүйлөшүүлөр процесинен чыккан. Центерра компаниясынын дарегине карата бул багытта кайрылуу жолдонуп, анда сүйлөшүүлөр 2015-жылдын апрелинен тартып активдүү эмес  фазада турганы белгиленген болчу. Ошентип, тараптар макулдашууну өзгөртүү боюнча финансы экономикалык модели жана биргелешкен ишкананы түзүү боюнча бир пикирге келише элек. Анын үстүнө өкмөт учурдагы келишим Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп берберин белгилеп келет.Мындан улам кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөрдөн баш тартып жана Кумтөр долбоорунун жаңы вариантын демилгелөнү көздөдө. Ал Кыргызстан үчүн финансы агымдарын жогорулатып жана айлана чөйрөнү коргоо маселелерин комплекстүү чечүүнү камтыйт.