Жаңылыктар
“Балдар үчүн ишеним телефону” борбору алгылыктуу иштөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
“Балдар үчүн ишеним телефону” борбору алгылыктуу иштөөдө

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы 111 “Балдар үчүн ишеним” телефонуна чалуулар жоопсуз калбайт. 

Бул туурасында “Биринчи радиого” аталган борбордун жетекчиси Марина Жапаркулова билдирди. 

Анын айтымында мектеп рекетчилигинен жабыркаган окуучудан тартып, үй- бүлөлүк зомбулукка кабылган жарандар, кароосуз калган балдар тагдыры туурасындагы коңшуларынын билдирүүлөрү басымдуулук кылат.

Ишеним телефонунун изи менен аткарылып жаткан иштер туурасында “Балдар үчүн ишеним телефону” борборунун жетекчиси Марина Жапаркулова менен кабарчыбыз Назира Молдокулова маектешкен. Аны төмөндо жайгашкан аудио аркылуу укса болот.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"