Жаңылыктар
23-октябрда Бишкекте “Жашыл экономика” форуму өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
23-октябрда Бишкекте “Жашыл  экономика” форуму өтөт

Бул тууралуу Экономика жана коммерция  министрлигинин Жашыл экономика жана туризм секторунун башчысы Алибек Матиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Ал иш-чаранын алкагында пленардык сессиялар жана атайын талкуулар уюштуруларын, анда катышуучулар аймактагы экологиялык туруктуулукка багытталган эл аралык демилге жана долбоорлорду ортого салып, жашыл энергетика, туруктуу туризм, таштанды башкаруу жана экологиялык таза курулуш темасы боюнча пикир алмашуу болоорун белгиледи. 

Ошондой эле, форумда Борбор Азияда туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн “жашыл” каржылоо мүмкүнчүлүгү каралат. Алибек Матиев форумдун алкагында көргөзмө уюштурулуп, сырттан карыз албастан туруп мамлекет өнөктөштөр менен бирге ишке ашырган  реалдуу долбоорлор көрсөтүлө турганын айтты.