Жаңылыктар
Москвада кыргыз-орус өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйыны өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Москвада кыргыз-орус өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйыны өттү

Москва шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн биргелешкен жыйыны өттү.

Анда МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз делегациясын меймандостукта жылуу тосуп алгандыгы үчүн орус тарапка ыраазычылык билдирип, Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрүн белгилөөгө байланыштуу Россияга биринчи расмий сапары экенин айтып, бул маанилүү иш-чаралардын жогорку деңгээлде белгилениши эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык мамилелеринин ачык-айкындыгынын далили экенин белгиледи.

“1924-жылы Россия Советтик Федеративдүү Социалисттик Республикасынын курамында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун, андан кийин 1926-жылы Кыргыз Автономдуу Советтик Социалисттик Республикасы, 1936-жылы Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлүшү, элибиз үчүн эбегейсиз зор мааниге ээ болгон эгемендүү Кыргыз Республикасынын пайдубалынын түптөлүшүнө айланган. Кыргыз жана орус элдеринин достугу кылымдар бою келе жатат жана ал улана берээрине ишенем”, — деди Акылбек Жапаров.

Ошондой эле МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров өткөн жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына жасаган расмий сапары жана өткөн жылдын октябрь айында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий жооптук сапары ийгиликтүү өткөнүн, анын алкагында кыргыз-орус мамилелери союздук жана стратегиялык өнөктөштүктүн “терең мамилелери” статусуна көтөрүлгөнүн билдирди. 

Акылбек Жапаров ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиянын иши эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын кошумчалады. 

“Өкмөттөр аралык комиссиянын акыркы отурумдарынын жана жакында эле өткөн Кыргыз-орус аймактар аралык конференциянын оң натыйжаларын белгилегим келет. Мамлекет башчыларыбыз тапшырма бергендей, эки тараптуу соода жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча аракеттерибиздин темпин басаңдатпоону макулдаштык. 2022-2026-жылдарга карата экономикалык кызматташтыктын өкмөттөр аралык программасы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Орусиялык жеке бизнес жана инвесторлор Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл буруп, ишин активдештиргени бизди абдан кубандырат. Биз россиялык инвестициялар үчүн ар дайым ачыкпыз жана инвестициялык сунуштарды ишке ашырууда максималдуу жардам көрсөтүүгө даярбыз”, — деди МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров. 

Ал ошондой эле Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду олуттуу жыйынтыктарды көрсөтүп жатканын, бүгүнкү күндө Фонд болжол менен 3500гө жакын долбоорду каржылаганын кошумчалады. 

Өз кезегинде Россия Өкмөтүнүнүн Төрагасы Михаил Мишустин эки мамлекеттин элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыктын бардык чөйрөсүн мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, эки мамлекеттин ортосунда калыптанган союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк жалпы биргелешкен максаттарга жетүүсүнө ишенээрин билдирди.  

Ошондой эле биргелешкен жыйында Кыргызстандын жана Россиянын билим берүү, транспорт, энергетика, маданият министрлери тарабынан өз тармагындагы иштер тууралуу баяндама жасашты.