Жаңылыктар
Кыргызстан дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөрдүн рейтингинде алдыңкы орунга жылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөрдүн рейтингинде алдыңкы орунга жылды

Глобалдык тынчтык индекси боюнча Кыргызстан 24 баскычка көтөрүлүп, алдыңкы орунду ээледи.

2023 – жылга салыштырмалуу 2024-жылы Кыргызстан бул рейтингде олуттуу бурулуш жасап, 77-орунду ээлеген. Ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 101- орунду ээлеген.

Глобалдык Тынчтык Индекс (Global Peace Index) бул — бүткүл дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин тынчтыгын мүнөздөгөн, мамлекеттин ичиндеги зордук-зомбулуктун деңгээлин жана анын тышкы саясатынын агрессивдүүлүгүнүн деңгээлин өлчөгөн комплекстүү көрсөткүч болуп саналат. Индекс кайсы мамлекеттер адам өмүрү үчүн эң коопсуз (жана тескерисинче кооптуу) деп эсептелээрин көрсөтөт.


2023-жылы


2024-жылы