Жаңылыктар
Салык кызматы жумуш берүүчүлөргө маянаны накталай эмес төлөшү керектигин эскертет
Кыргызстан жаңылыктары
Салык кызматы жумуш берүүчүлөргө маянаны накталай эмес төлөшү керектигин эскертет

Салык кызматы жумуш берүүчүлөр – юридикалык жактар 1-октябрдан тарта айлык маянаны накталай эмес төлөшү керектигин эскертти.

Жумуш берүүчүлөр (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдардан сырткары) cabinet.salyk.kg сайтындагы «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу жалданма кызматкерлердин реестрин жүргүзүүгө жана маалыматтарды жаңылап турууга милдеттүү.

Талаптарды бузгандар жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 6,5 миң сом айып каралган.