Жаңылыктар
Жакында Бишкекке Түркиядан 35 автобус келет
Кыргызстан жаңылыктары
Жакында Бишкекке Түркиядан 35 автобус келет

Ноябрь айында Түркиядан 35 автобус алып келинет. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы автобустар экспресс каттамдарды аткарат.

«Манас аэропортуна каттаган №153 автобус сыяктуу жаңы, экспресс автобустар келет. Мындай автобустарды экспресс каттамдарга коёбуз. Бардык автобекеттер шаардын сыртына жылдырылып, автобустар ошол бекеттерге барышат», — деди ал.

Учурда Бишкекте жалпы 1376 автобус бар. Күн сайын каттамга 1070 автобус, 108 троллейбус чыгат.