Жаңылыктар
Бишкекте 12 миңден ашык үйгө техникалык паспорт берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте  12 миңден ашык үйгө техникалык паспорт берилди

Бишкек шаарында мыйзамсыз салынган үйлөргө  12 миңден ашык техникалык  паспорт берилди. Анын ичинен Ленин району 2727, Биринчи май району 5899, Свердлов району 3332, Октябрь району боюнча 597ни түзөрүн Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин  Бишкек филиалынын директорунун орун басары Мирлан Исмаилов  “Биринчи радионун”  түз эфиринде билдирди. 

Анын   айтымында, Бишкек  шаарындагы таштанды талаасына жакын жайгашкан  тургундардын  баары үйлөрүнө техникалык паспорт алган. Учурда кызыл китеп берүү маселеси каралып жатат.   Бүгүнкү күнгө чейин шаар боюнча  2800 кызыл китеп берилген.