Жаңылыктар
Жогорку Сот төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Сот төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлиги сунушталды

Судьялар кеңеши Жогорку Соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаганын бүгүн Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады. Мындай чечим Судьялар кеңешинин жыйынында кабыл алынып, Сатыевдин талапкерлиги бир добуштан колдоо тапкан.

Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Соттун төрагасы кызматына талапкерди Судьялар кеңеши сунуштап, Жогорку Кеңеш макулдук берген соң президент беш жылдык мөөнөткө дайындайт. Талапкер Жогорку Соттун судьяларынын ичинен тандалат.

Жогорку Соттун буга чейинки төрагасы Замирбек Базарбеков өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.  9-октябрда Судьялар кеңеши анын арызын канааттандырып, кызматтан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту президентке жөнөткөн.

Жогорку Кеңеш 10-октябрда Базарбековду кызматынан бошотууну колдоп, 11-октябрда өлкө башчысы аны кызматтан алган.

Жогорку Сот төрагалыгына сунушталган Медербек Сатыев 1974-жылы Ош шаарында туулган. КУУнун юридика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департаменти бөлүмүнөн баштаган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунда судья болгон.

2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду актаган соттук коллегиянын мүчөсү болгон.

Сатыев 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

2022-жылы октябрынан тарта Сот департаментинин директору болуп иштеген, 2024-жылдын башында Жогорку Соттун судьясы болуп шайланган.