Жаңылыктар
Бишкекте автобустардан накталай төлөм менен бир күндө 5 миллион сомдой түшөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте автобустардан накталай төлөм менен бир күндө 5 миллион сомдой түшөт

Бул тууралуу Бишкек мэринин транспорт жана жол маселелери боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев бүгүн Биринчи радионун түз эфиринде билдирди. Вице-мэрдин айтымында, Ал 21-октябрга карата шаардагы автобус каттамдарына накталай төлөмдөн 5 миллион 268 миң 718 сом түшкөн. Ошол эле учурда нак эмес эсептешүүлөрдүн үлүшү 489 миң 988 сом болгон.

Учурда Бишкекте 1376 чоң автобус бар, аларга 2700 айдоочу жумушка алынган. Жамалбек Ырсалиев автобус айдоочулар күнүнө болжол менен 3 миңден беш миң сомго чейин сол чөнтөккө солорун, ал эми накталай эмес төлөмдүн баары түз мэриянын эсебине түшөрүн билдирди.

 Ушундан улам Бишкек мэриясы шаар тургундарына кайрылуу жасап, автобустарда жүрүү үчүн карточка алып, жапырт накталай эмес төлөмгө өтүүгө үндөп жатат. Накталай эмес төлөм бир каттам үчүн 17 сом, нак төлөм 20 сом.