Жаңылыктар
Нарын: “Тилсиз жоо” 24 миллион сомдон ашык зыян алып келди
Кыргызстан жаңылыктары
 Нарын: “Тилсиз жоо” 24 миллион сомдон ашык зыян алып келди

Нарын облусундагы өрт кырсыктары тогуз ай ичинде 24 миллион 517 миң 569 сомдук зыян келтирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынан алынган маалыматка таянсак, облус боюнча тогуз айда 69 өрт кырсыгы катталып, андан жарандар 24 миллион 517 миң 569 сомдук социалдык-экономикалык чыгымдарга дуушар болгон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу 49 учурга аз. 

Ошондой эле облус аймагында катталган өрттү өчүрүүгө барган өздүк курамдын  натыйжалуу аракеттеринин арты менен тилсиз жоо убагында өчүрүлүп, 48 миллион 999 миң 750 сомдук материалдык байлыктар сакталып калган.