Жаңылыктар
Садыр Жапаров Казанда БРИКС саммитине катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Казанда БРИКС саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 23-24-октябрда XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Татарстандын Казан шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. 

Бул жыйында көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого жана глобалдык күн тартибине багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Казандагы бул саммитке 33 өлкөдөн расмий делегация катышат. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш да катышары кабарланууда.