Жаңылыктар
Ашууларда кар жаап жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Ашууларда кар жаап жатат

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуусунда кар жаады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда жолдорду тазалоо, инерттик материалдарды чачуу жумуштары жүрүүдө. Каттам бар.

Ушундай эле кырдаал Өтмөк ашуусунда орун алып, кум себүү иштери аткарылууда. Жол ачык.

Министрлик өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.