Жаңылыктар
Каза болгондор бар. Таласта үрөй учурган жол кырсыгы болду
Кыргызстан жаңылыктары
Каза болгондор бар. Таласта үрөй учурган жол кырсыгы болду

Таласта бүгүн, 23-октябрда эртең менен 8.20 чамасында үч унаа катышкан үрөй учурган жол кырсыгы катталды.  Бул тууралуу облустагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, жеңил унаа карама-каршы тилкеге чыгып кетип, жолдон өтүп бараткан жөө адамдарды, андан кийин эки унааны сүзүп, жол жээгине чыгып кеткен.

Жол кырсыгынан 3 адам каза болгон. Учурда милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактап, тергеп-тескөө иштерин жүргүзүүдө.