Жаңылыктар
ЖК Жогорку Сот төрагалыгына сунушталган Медербек Сатыевдин талапкерлигин жактырды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖК Жогорку Сот төрагалыгына сунушталган Медербек Сатыевдин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш бүгүнкү жалпы жыйында Жогорку Соттун төрагалыгына сунушталган Медербек Сатыевдин талапкерлигин колдоду. Медербек Сатыев парламентте сөз сүйлөп, ишенимди актоого, эл жана мамлекет үчүн иштөөгө бар күчүн жумшай турганын айтты:

- Сот системасынан мамлекеттин экономикасы түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан бир гана мыйзам үстөмдүк кылышы керек. Мен сиздерге бул жагынан убада берем.

Судьялар кеңеши бир күн мурда Жогорку Соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштаган.

Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Соттун төрагасы кызматына талапкерди Судьялар кеңеши сунуштап, Жогорку Кеңеш макулдук берген соң президент беш жылдык мөөнөткө дайындайт. Талапкер Жогорку Соттун судьяларынын ичинен тандалат.

Жогорку Соттун буга чейинки төрагасы Замирбек Базарбеков өз арызынын негизинде кызматтан кеткен.  9-октябрда Судьялар кеңеши анын арызын канааттандырып, кызматтан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту президентке жөнөткөн.

Жогорку Кеңеш 10-октябрда Базарбековду кызматынан бошотууну колдоп, 11-октябрда өлкө башчысы аны кызматтан алган.

Жогорку Сот төрагалыгына сунушталган Медербек Сатыев 1974-жылы Ош шаарында туулган. КУУнун юридика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1995-жылы Ош облустук сот департаменти бөлүмүнөн баштаган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунда судья болгон.

2013-жылы Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовду актаган соттук коллегиянын мүчөсү болгон.

Сатыев 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин президенттик администрация башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган. 2022-жылы октябрынан тарта Сот департаментинин директору болуп иштеген, 2024-жылдын башында Жогорку Соттун судьясы болуп шайланган.