Жаңылыктар
Кыргызстанда 400дөн ашуун ак илбирс бар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 400дөн ашуун ак илбирс бар

Кыргызстанда болжол менен 400дөн ашык ак илбирс бар. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жаныбарлар дүйнөсү бөлүмүнүн башчысы Адис Мадиев Биринчи радиодогу маегинде билдирди.

Анын айтымында, ак илбирстин так санын аныктоо мүмкүн болбогондуктан, жергиликтүү жарандардан жана чабандардан сурамжылоо менен мониторинг жүргүзүлөт.

“Министрлик тарабынан жыл сайын кыш айында бардык жапайы жаныбарларга жана ак илбирске мониторинг жүргүзүлөт. Себеби, кышында кар түшкөндө жапайы жаныбарлар тоодон ылдыйлап, саноого ыңгайлуу учур болот. Азыр Кыргызстандагы ак илбирстин так санын айта албайбыз, бирок болжолдуу эсептөө менен алганда алардын саны 400дөн ашат”, - деди Адис Мадиев.

Бүгүн, 23-октябрь тоо экосистеманын туруктуулугунун жана саламаттыгынын белгиси болгон Бүткүл дүйнөлүк “Ак илбирсти коргоо күнү”. 2013-жылдын ушул күнү ак илбирсти сактоо боюнча Бишкек декларациясы кабыл алынып, анда бул жаныбардын жашаган чөйрөсү болгон 12 мамлекет ак илбирстерге жагымдуу шарттарды камсыз кылууга милдеттенген. Алар: Кыргызстан, Кытай, Ооганстан, Бутан, Индия, Непал, Пакистан, Монголия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусия мамлекеттери.

Учурда Кыргызстанда жапайы жаныбарларды жана экосистеманы сактап калууга багытталган 23 өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы бар.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 2023-жылы "Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Жарлыкта ак илбирсти аткандарга карата айып пул каралган. Буга чейин айып пул 1,5 млн. сом болсо, азыр 2 млн. сомду түзөт.